08 апрель 2026

Кароолор: 9

Баткенде “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалы менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалы менен камсыздоодо

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан “Мега Газоблок” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

“Мега Газоблок” жоопкерчилиги чектелген коому ишкананы ишке киргизүүгө 18,0 млн доллар инвестиция салып, заводду өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берген.

Немис технологиясынын негизинде автоклавдык газоблокторду өндүргөн ишкана экологиялык жактан таза жана сапаттуу курулуш материалдарын чыгарууда.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 1200 куб метрге чейин жетет. Учурда күн сайын 800 куб метрге жакын продукция өндүрүлүп, Баткен облусу менен катар Ош жана Жалал-Абад облустарына да жеткирилүүдө. Курулуш тармагында газоблокко болгон суроо-талап өсүп, анын сапаты жогору бааланууда. Азыркы тапта ишкананын кампасында 8 миң куб метр даяр продукциянын запасы бар.

Ишканада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө завод өз продукциясын жеке курулуш компанияларына сатууда. Ал эми жакынкы келечекте мамлекеттик курулуш объектилерине жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү пландалууда.

Облус башчысы заводдун ишмердүүлүгүн кеңейтүү багытында тийиштүү колдоолор уланаарын айтты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы